Жол милициясы «Айданек» борборундагы бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулашты

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Айданек» реинтеграциялоо борборуна барып, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга кубаныч тартуулоо максатында майрамдык белектерди тапшырышты.

Бул күн балдар үчүн чыныгы майрамга айланып, алардын жүзүнө жылмаюу, жүрөгүнө жылуулук тартуулады. Кызматкерлер тарбиячылар менен биргеликте жол кыймылынын эрежелери боюнча пайдалуу маалыматтарды айтып, жол белгилери түшүрүлгөн чөйчөктөрдү белек кылышты.

Бул чакан, бирок жүрөктөн чыккан көңүл буруу балдарга болгон чоң камкордуктун белгиси болуп, аларга ишеним, үмүт жана жаркын келечекке болгон дем-күч тартуулады.

30 Декабрь 2025 жыл 21:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча