Жол оңдоо. Бишкекте 10 автобустук каттамдын кыймылы өзгөртүлөт

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 18-июлдан тарта Чүй проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Буга байланыштуу автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү. Алар төмөнкүлөр: №34, 48, 7, 17, 38, 42, 107, 166, 203, 212.

Өзгөргөн кыймыл чиймелер тууралуу толук маалымат шилтемеде.

17 Июль 2024 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча