Жолду тороп, оюн салган той кортежинин айдоочулары айыпка жыгылды

Жолду тороп, оюн салган той кортежинин айдоочулары айыпка жыгылды.

Соцтармакта тараган видеодо айдоочулар машиналарды ойду-келди башкарып, кээ бири терезеден белине чейин чыгып алганын көрүүгө болот.

Видео Бишкек — Чалдыбар жолунда тартылган. Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү Toyota Camry, Changan EV-460 жана Toyota RV-4 үлгүсүндөгү унааларды башкарган ар бир айдоочуга 15 миң сомдон айып салган. Машиналары айып короого токтотулган.

12 Август 2024 жыл 18:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча