Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин аскердик бөлүгүндө зомбулуктун фактыларын аныктаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабоо, кыйноо») боюнча иш козголгон.
«Жоокерлерди уруп-сабоого шектелип үч командир камакка алынды. Бул ишке тиешеси бар башка да жоопкерчиликтүү адамдар такталып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура жарыялаган сүрөттөн жоокерлер пол жуучу швабра жана таяк менен сабалганын түшүнүүгө болот.