Жубайлар иске ууланып каза болду

Өзбекстандын Кокон шаарында жубайлар иске ууланып каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-ноябрда 51 жаштагы үй ээси менен анын 49 жаштагы жубайынын сөөгү уктоочу бөлмөдө табылган.

Ооруканадан берилген болжолдуу кортундуда алардын өлүмүнө иске уулануу себеп болгону жазылган.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.

23 Ноябрь 2023 жыл 9:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча