Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз кеткен ата-баланы издөө 6-ноябрда да уланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, издөөгө 14 адам: жети куткаруучу, бир милиционер жана жергиликтүү тургундардан алты киши чыкты.
16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.