Жумгалда изделип жаткан жарандын сөөгү табылды, баласы изделүүдө

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жаран 1979-жылы туулган К.Б. жансыз денесин табышты.

2024-жылдын 11-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери кызматтык-издөө иттери менен издөө иштерине тартылган.

Бүгүн, 2024-жылдын 14-ноябрында ИИМ БМЖКККнын кызматтык-издөө иттеринин жардамы менен дарыянын жээгинен адамдын жансыз денеси табылды. Кызматтык ит жоголгон жарандын жытын алып, анын сөөгүн Көкөмерен суусунун боюнан тапкан.

Учурда издөө иштери анын уулун табууга багытталды.

Эске сала кетсек, дайынсыз жоголгон ата жана анын жашы жете элек уулу 2024-жылдын 16-октябрынан бери изделүүдө.

Издөө иштерине укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган.
ИИМдин БМЖККК маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат жана издөө иштерин аягына чыгаруу үчүн колдон келгендин баарын улантууда.

14 Ноябрь 2024 жыл 17:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча