Жумушсуз жүргөндөр үчүн акысыз курстар дагы эле уланууда

Борбор калаада жумушсуз жүргөндөр үчүн кесипке үйрөтүүчү акысыз курстар иштеп жатканын Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кабарлады.

«Акы алынбаган курстардан чачтарач, тырмак жасагыч, визажист-стилист, укалоочу, кирпик өстүргүчкө окуса болот. Ошондой эле англис, орус, немец тилдерин да үйрөнө алат», — деп жазылат маалыматта.

Акысыз курстан окуш үчүн жаран жашаган жериндеги райондук башкармалыкка кайрылып, жумушсуз катары каттоодон өтүшү шарт. Жанына паспорт, эмгек китепчеси жана билими тууралуу документ керек.

Башкармалыктардын дареги:
Ленин жана Биринчи май райондору — Бөкөнбаев көчөсү, 99 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет); телефондор (0312) 30-36-86, 30-37-44;
Октябрь жана Свердлов райондору — Токтогул көчөсү, 43 ( Гоголь көчөсү менен кесилишет); телефон (0312) 43-47-65.

27 Декабрь 2023 жыл 10:24

Тема боюнча