Журналист Адыл Акжол уулунун иши боюнча сот 9-декабрга жылдырылды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 19-ноябрга белгиленген отурум жабырлануучулардын бири келбей калгандыктан 9-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Назик Ажымаматова билдирди.

Ал журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн судья четке кагып, Адыл Акжол уулун 31-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырганын айтты.

Адыл Акжол уулу кармалганы 12-августта белгилүү болгон. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

19 Ноябрь 2024 жыл 17:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча