Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө ипотекалык батирлүү болот

Быйыл жыл аягына чейин 20 миңге жакын үй-бүлөгө ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырабыз, — деди президент Садыр Жапаров бүгүн «Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан республикалык кеңешмеде.

«Биздин максат — ар бир кыргызстандык үй-бүлө өз үйүндө ыңгайлуу шартта жана Кыргызстандын жаркын келечегине ишеним артуу менен өмүр сүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат», — деди ал.
Президент быйыл ипотекалык турак жайларды курууга 400 млн доллар бөлүнө турганын кошумчалады.

27 Февраль 2026 жыл 13:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча