Жыл аягына чейин жарандарга ипотекага 2 184 батир берүү пландалууда

Бишкек шаарында быйыл жыл аягына чейин жарандарга ипотекага 2 184 батир берүү пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 20-сентябрда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, анын ичинен Калык Акиев көчөсүндө салынып жаткан үйдөн 216, “Жал” кичи районунан 288, Скрябина көчөсүндө салынып жаткан турак жайдан 549, Маликов көчөсүнөн 986, Юдахин көчөсүнөн 81, “Тунгуч” кичи районунан 54, Анкара көчөсүнөн 10 батир берилет.

Ал Кыргызстанда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жалпы 139 гектардан ашык жер бөлүнгөнүн, ушул тапта мамлекеттен ипотекага үй алуу үчүн 32 395 адам кезекте турганын кошумчалады. Алардын көбү Бишкек шаарында.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. 

20 Сентябрь 2024 жыл 14:22

Тема боюнча