Жыл башынан бери «Альянс Алтын» 6,2 миллиард сом өлчөмүндө мамлекетке салык төлөдү

2024-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” тоо-кен компаниясы бюджетке 6,2 миллиард сомго жакын каражат түшүрдү. Сентябрда төлөнгөн салыктар 767 миллион сомдон ашканын компания bia.kg порталына маалымдады.

“Альянс Алтын” компаниясы билдиргендей, отчеттук мезгил ичинде алтынды сатуу кирешесинен түшкөн салыктар 5 миллиард сомго жакындаган. Ал эми сентябрь айында төлөмдөрдүн суммасы 608 миллион сомду түздү.

Компания ишке киргенден бери, башкача айтканда 2015-жылдан бери, жалпы салык төлөмдөрүнүн суммасы 21,2 миллиард сомдон ашты, ал эми алтынды сатуу кирешесинен түшкөн салыктар 15,5 миллиард сомду түздү.

Мындан тышкары, быйыл “Альянс Алтын” компаниясы өзүнүн кирешесинин 2 пайызы же 416 миллион сомду жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн бөлүп берди:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна – 206 миллион сом (50%);
  • Талас районунун өнүктүрүү фондуна – 124,8 миллион сом (30%);
  • Шумкар-Уя айыл аймагынын өнүктүрүү фондуна – 83,2 миллион сом (20%).

Ушул жылы компаниянын экологиялык төлөмдөрү 7,1 миллион сомду түздү: 1,8 миллион сом рекультивациялык фондго, ал эми дээрлик 5,3 миллион сом жер үстүндөгү сууну өндүрүштүк муктаждыктар үчүн пайдалангандыгы үчүн “Жерүй” ТЗРКсына төлөндү.

6 Ноябрь 2024 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча