Жыл башынан бери жол кырсыгынан 640 адам каза болду

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы жыл башынан бери өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 640 адам каза болгонун билдирди. Дагы 9 миңге жакын киши жаракат алды.

Мекеме жол кырсыктарын алдын алуу үчүн мас болуп рулга отургандарга, каттуу ылдамдыкта машине айдагандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатканын кабарлады.

27 Ноябрь 2024 жыл 13:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча