Жылдыз Шеримбекова ЖК аппаратынын басма сөз кызматын жетектейт

Жылдыз Шеримбекова Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Жылдыз Шеримбекова 2012-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында иштөөдөн баштаган.

2015-2018-жылдары КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы, 2018-2022-жылдары Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Ошондой эле 2022-2024-жылдары Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси, 2024-жылдан тартып президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Жайнак Үсөн уулу аркалап келген.

11 Март 2026 жыл 10:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча