Жынысын өзгөртсө да ИЖН кодун алмаштырууга болбойт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Нурсултан Кубановдон идентификациялык жеке номерди (ИЖН) кайсы учурда алмаштырууга болорун сурады.

Анын айтымында, ИЖН-кодду алмаштырууга техникалык ката кеткен учурда гана уруксат берилет.

Жумабеков ИЖН-код берүүдө аялдарга 1 цифрасы, ал эми эркектерге 2 цифрасы ыйгарыларын белгиледи.

Министрдин орун басары мыйзамга ылайык, жынысын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу ИЖН-кодду алмаштырууга болбой турганын айтты.

«Учурда ИЖН-кодду ыйгаруу боюнча төрөт үйлөрү менен интеграциялык иштер жүрүп жатат. ИЖН-кодду алмаштыруу маселеси жарандын жеке кайрылуусунан кийин жана алмаштыруунун себептери толук изилденгенден кийин гана каралышы мүмкүн», — деп жооп берди ал.

22 Январь 2026 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча