Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда өткөн маалымат жыйынында Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмүн иликтөөнүн жүрүшү боюнча комментарий берди.
Маалыматка караганда, Жаза аткаруу мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин шалаакылыгына байланыштуу кылмыш иши козголду. Иш тергөөдө экени маалым болду.
Зулушевдин пикиринде, ооруканада айыпталуучуларды кармоонун шарттары боюнча мыйзамдын талаптары сакталган эмес.
«Байкоо камераларында Арстанбек Абдылдаевдин ары-бери басып, чай ичип отурганы жазылган. Алар мунун баарын көрүп, бирок чара көрүшкөн эмес», — деди башкы прокурор.
Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча №31 түзөтүү колониясында эмгектенген айрым кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси менен айып коюп, ишти Аскер прокуратурасы тергеп жаткан.
«Арстан Алай» деп таанылган Арстанбек Абдылдаевдин №31 түзөтүү колониясында каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жазаларды аткаруу кызматы аны «ашканада асынып алган» деген маалымат тараткан.