Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Курманкул Зулушев парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди.
«Бүгүн күтүлбөгөн окуя болду. Мамлекеттик кызмат – бул жеке менчик эмес. Мамлекеттик кызматка келген ар бир адам эртеби-кечпи кетүүгө туура келерин эстеши керек», — деди ал.
Депутаттын айтымында, Нурланбек Тургунбек уулу өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын тапшырып, саясий эрк көрсөттү.
«Мамлекеттик кызмат – бул түбөлүктүү орун эмес, мындан трагедия жасоонун кереги жок», — деп белгиледи Зулушев жана ага ийгилик каалады.
Ошондой эле депутат акыркы окуяларга байланыштуу президент Конституциялык сотко кайрылганын жана ал мыйзамдуу чечим кабыл аларын билдирди.
Зулушев 2020-жылдан бери мамлекет калыптануунун татаал этабынан өткөнүн баса белгилеп, бул процессте өлкө жетекчилигинин салымы чоң экенин белгиледи.
Сөзүнүн аягында ал президент Садыр Жапаровго ийгилик каалады.