Ашууларда абал кандай?

Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат.

Бүгүн, 11-декабрь саат 10:00го карата Нарындагы Долон ашуусу менен Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 506-508-чакырымдар аралыгында (Түз-Бел ашуусуна) унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат. Аталган аймакта бороон басыла элек. Ага карабастан № 957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Калган ашуулар жана жолдордо каттам бар. Тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго чыгарда унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

11 Декабрь 2025 жыл 10:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча