Айтматов районунда 140 орундуу бала бакча курулуп жатат (сүрөт)

Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Аталган бала бакча 2017-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттуу болуп долбоорлонгон, жалпы аянты 1480,9 чарчы метрин түзөт.

Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр.

Андан тышкары музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет каралган. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн зоналары — жабдылган аянтчалар жана беседкалар курулат. Курулуш иштерин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аяктап, ишке берүү пландалууда.

5 Март 2024 жыл 15:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча