Кошмо Штаттардын аскер күчтөрү Йемендин батыш жээгиндеги хуситтер көзөмөлдөгөн Рас-Исса мунай портуна абадан сокку урду.
Хуситтер тараткан маалыматка ылайык, чабуулдан 20 адам каза болуп, 50дөн ашуун киши жараат алды. Маркумдардын арасында тез жардамдын кызматкерлери да бар.
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдиргендей, операциянын максаты Иран колдогон күйүүчү май менен камсыздаган булагын жок кылуу менен хуситтердин экономикалык мүмкүнчүлүгүн чектөө болгон.
«Бул сокку Йемен элине багытталган эмес. Биздин максат хуситтердин запкысынан арылууну каалаган карапайым калкка жардам берүү», — деп жазылган CENTCOM тараткан билдирүүдө.
Бул операция АКШ президенти Дональд Трамп 15-мартта баштаган кеңири аскердик кампаниянын бир бөлүгү. Ал хуситтердин Кызыл деңиз жана Аден булуңундагы жарандык жана аскердик кемелерге жасаган чабуулдарын токтотууга багытталган.