Ала-Арча жаратылыш паркына май айынан баштап күйүүчү май менен жүргөн автоунаалар киргизилбейт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына жазды.
“Ала-Арча жаратылыш паркында экологиялык туруктуулукту сактоо багытында чоң өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Май айынан баштап паркка бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынат. Учурда кең унаа токтотуучу жай курулуп бүтүүгө жакын. Келген конокторду эми атайын уюштурулган электрокарлар парктын ичине алып кирет. Жакын арада Бишкектен түз автобус каттамдары ишке кирет, буга чейинкидей парктын киреберишинде тыгындар болбош керек.
Мындан сырткары, паркта алгачкы ирет асма жол курулуп жатат, жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда.
Бул иш-аракеттердин бардыгы — жаратылышты сактап, ошол эле учурда эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү максатында жасалууда”,-деп жазды Туманбаев.