Тиешелүү билими бар эң жогорку деңгээлдеги адистер иштеген Альянс Алтын компаниясы өз кызматкерлеринин билим дараметин улам жогорулатып турат.
Анын себеби, тоо-кен тармагы бир ордунда турбай – жаңы технологиялар, дагы алдыңкы жабдуулар пайда болуп жатканы.
“Ар бир кызматкерибиздин өз квалификациясын өз убагында жогорулатуу биз үчүн маанилүү. Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча Тармактар аралык борбору менен келишим түздүк. Ошонун негизинде мугалимдер жыл сайын бизге келип, керектүү сабактарды өткөрүшөт. Ар бир кызматкер аларга милдеттүү түрдө барып, андан кийин гана анын кызматтык күбөлүгү жаңыланат.
Кызматкерлерди окутуу иш-аракетти жакшыртууга гана жардам бербейт. Ошондой эле өндүрүштөгү кырсыктарды болтурбоо үчүн эффективдүү чара болуп саналат. Биз мындан ары да өнөр жай коопсуздугунун маселелерине өзгөчө көңүл бурабыз», — деп жазылат компаниянын билдирүүсүндө.