Астанада Садыр Жапаровду кандай тосуп алышты?

Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Астана шаарына барды.

Мамлекет башчысынын борту Астанадагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

28 Ноябрь 2024 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча