
Баткен облусундагы Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолуна асфальт төшөө иштери уланууда.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда унаа жолдун 11-13-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта болжол менен 1,5 чакырым жол жасалды.
Аны менен катар 6-9-чакырымдар аралыгында суу түтүктөрүн орнотуу, жолдун негизин даярдоо иштери жүрүүдө. Бул тилкеде жер жумуштары жыйынтыкталар замат асфальт төшөө иштери башталат. Быйыл Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган.
Белгилей кетсек, буга чейин жолдун 3-8-чакырым аралыгы сай аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу 5 чакырым жаңы жол да курулган.