Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узарды. Бул тууралуу 3-июлда Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, райондук акимчиликтин тынч жыйындарды өткөрүү жерлерин чектөө тууралуу чечимин мыйзамдуу деп таануу жөнүндөгү арызы 29-июлда каралып, канааттандырылды.
Эми, соттун бул чечимине ылайык, шаардын борбордук бөлүгүндөгү айрым жерлерде митинг-пикет өткөрүүгө 30-сентябрга чейин уруксат жок болот.
31-мартта Биринчи Май райондук соту акимчиликтин райондун айрым жерлеринде митинг-пикет уюштурууга 30-июнга чейин тыюу салган чечимин мыйзамдуу деп тапкан болчу.
Биринчи Май районунун аймагындагы президенттик администрациянын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин тегереги, Ала-Тоо аянты, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки тилкеси, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбак жана Иван Панфилов атындагы парктын жанында митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат.