Бишкектеги Панфилов паркы үч айга ачылат

Бишкектеги Панфилов паркы 1-майдан баштап үч айга ачылат. 29-апрелде шаардын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулугу менен жолугушууда сейил багын май майрамдарына карата ачуу чечими кабыл алынды.

Бардык аттракциондор талапка ылайык келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык нормалар сакталышы керек деген талап коюлду.

Буга чейин Панфилов паркында аттракциондон кулап кеткен эки учур болуп, шаардык кызматтар бир нече жолу эскертүү берип, Бишкек мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаменти экинчи окуядан кийин “Детские развлечение” компаниясы менен ижара келишимин бузган.

31-мартта Панфилов атындагы сейил багында 19 жаштагы кыз аттракциондон кулап кеткен. Ал оор абалда Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасына жаткырылган. Бишкек шаардык мэриясы аттракцион айланып жатканда коопсуздук куру үзүлүп кеткенин билдирген. Аттракциондун 24 жаштагы кызматкери кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

30 Апрель 2025 жыл 10:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча