Быйыл картошканы көп айдабаңыз! Себеби

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги быйыл картөшкөнү көп айдабоону сунуштады.

Аталган министрликтин билдиришинче, быйыл картөшкө 4,5 миң гектарга отургузулган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көбүрөөк.

«ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картөшкөгө муктаждык жогору болгондуктан баа көтөрүлдү. Быйыл бул жагдайды эске алып, ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картөшкө эгилген аянттар көбөйүшү мүмкүн. Ар жыл сайын өзгөрүп турган базар экономикасынын талаптарына ылайык, коңшу өлкөлөрдөгү жагдайга көңүл буруу абзел», — деп жазылган маалыматта.

Министрлик дыйкандарды алдыңкы инновациялык технологияларды колдонуу менен түшүмдүүлүктү жогорулатууга чакырды.

2024-жылы картөшкө 66,4 миң гектарга отургузулуп, түшүмдүүлүк 178,7 центнерди, дүң жыйым 1 млн 190 миң 200 тоннаны түзгөн.

12 Апрель 2025 жыл 19:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча