Чыныгы баатырлар! Электриктердин үзүлгөн чубалгыларды оңдоого бара жаткан видеосу

Ноокат районундагы электриктердин үзүлгөн чубалгыларды оңдоого кетип бара жаткандагы видеолору жарыяланды.

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК тоолорго электр зымдарын тартып жаткан энергетиктердин күжүрмөн эмгеги тууралуу бөлүшкөн видеодо «Аяз, бороон-чапкын, кар баскан жолдор… Бирок энергетиктер 24/7 жумушун аткарышат! Карагылачы, биздин энергетиктер кыйын шарттарда иштешет», — деп жазылган.

Ал эми видеонун автору эркектердин формасы тоңуп калганын, саат төрттөн гана түшкү тамакты ичип жатышканын айткан.

21 Февраль 2024 жыл 13:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча