Дүйнөлүк күрөш уюму Махмудовдун беттештеринин сезондук жыйынтыгын чыгарды

Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбаны Акжол Махмудов 2023-жылдын үстөмдүк кылган беттештери тууралуу жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу уюмдун социалдык тармактагы баракчасына чыкты.

Махмудов сезондун жыйынтыгы менен:

  • Рекорд 11-0
    Дүйнөлүк чемпионаттарда, Азия жана Азия оюндарында.
  • 59 упай топтолду / 11 упай жок.
  • Жеңиштердин 55% үстөктөн/ астынан келет.

Балбан Акжол Махмудов XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды. Махмудов 4-октябрда грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда ирандык Амин Кавиянинежадды жеңип, Азия оюндарынын чемпиону болду. Буга чейин Акжол Махмудов 2018-жылы Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган.

Сентябрдын аягында Махмудов Белградда өткөн дүйнө чемпионатында экинчи жолу дүйнө чемпиону болгон.

28 Декабрь 2023 жыл 21:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча