«Дайым жаныңда болом». Блогер Арген жубайын ооруканада өзү карап жатат (видео)

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенге баратып жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен Аружандын моюну, омурткасы сынып, Баткен облустук ооруканасына кайрылып, андан кийин Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына «Тез жардам» унаасы менен жеткирилген. Анын күйөөсү Арген бейтапканандан кетпей жатканын билдирди, себеби жубайы өзүн-өзү карай албайт.

Ошондой эле ал дарыгерлердин жасаган мамилесине нааразы болуп, жубайын өзү карап, жанында боло турганын билдирди.

Буга чейин, казак блогери Аружан Оштогу бейтапканага барганда коридордо күттүрүп койгонун айтып, нааразы болгон видео жарыялаган.

«Ош облустук ооруканасынын коридорунда жатам, себеби бүгүн корпоратив экен. Рентгенге дагы ушуга байланыштуу түшүрбөйбүз дешти», — деген ал.

Бейтаптын нааразычылыгы боюнча Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан жооп, казак блогери 2 мүнөт гана коридордо жатканын айтышкан.

27 Декабрь 2023 жыл 23:57

Тема боюнча