Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президент каршы пикир менен артка кайтарган Жер кодексине байланыштуу Министрлер кабинети сунуштаган айрым мыйзамдар шашылыш, чала иштелип келерин айтып сынга алышты.
Депутат Балбак Түлөбаев шашылыш алынып келинип, тез арада кабыл алынган мыйзамдардын арты ушуга алып келип жатканын белгиледи.
«Президент отургула, дагы бир жолу кеңешкиле, дагы бир ортодон чечимди алып келгиле деп жатат. Жогорку Кеңеш өзүнүн укугун колдонуп сунуштарыбызды бердик. Өкүндүргөн жери алты-жети ай карадык, биринчи окуудан өттү, экинчи, үчүнчү окуудан өттү эмнеге ушуну алып келип жаткан министрлик жакшылап караган эмессиңер. Ушул жерде протест болуп жатат, депутаттар дагы, башкалар дагы айтып жатты. Жок, өткөрүшүбүз керек, бир деме жесе бармыкты көрсөтүп, тияк сурап атат деп эле алып келе бергенсиңер. Анан биз аларды тезирээк, Министрлер кабинетинин төрагасы, анан биз суранып атат деп атып ушуга келдик, убара. Башкы прокуратурасынын протести идеалдуу, өзүнүн кызматын аткарып жатат», — деди Түлөбаев