Эми автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт

Бишкекте жаңы муниципалдык автобустарга ылдамдыкты чектөө программасы орнотула турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, эми шаардагы автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт.

«Жаңы программа ылдамдыкты гана чектебестен, катуу токтотууну, GPS-трекерин мыйзамсыз өчүрүүнү жана айдоочулардын айдоо ыкмасын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды жол эрежелерин сактоого мажбурлоо максатында кабыл алынууда.

11 Ноябрь 2023 жыл 15:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча