Биздин редакцияга жаран кайрылып, Токмок шаарында ижарага алып жашап келген батиринин ээси эч негизсиз эле үйүнөн кууп чыгып, оокат-мүлкүн алып алганын айтып берди.
Анын айтымында, ал батирде үй-бүлөсү менен 6 ай турушкан, батирди өзүлөрү оңдоп, ремонтун жакында гана бүткөн.
«6 ай жашадык Бишкекке апамдын көзүн операция кылганы кеткенбиз. Анан карындашым чалат, «мени сабап мас болуп аял эшике чыгарып салды» деп. Келсек үй жабык, мас болуп ага кол көтөрүп «киргизы вонючие нишие гразные бедные» дептир. Милиция келип үйгө кире албайсыңар деп кетип калышты. 4 ай кире албай жүрдүк. 50 миң акчабыз, оокаттар, буюмдар бар болчу, эч нерсебиз жок сатып жок кылыптыр»,-дейт ал.
Бизге кайрылган тургун милиция ал аялга карата чара көрбөй жатканына нааразы болууда.