
Кытайдын чыгышындагы химиялык заводдо болгон жарылуудан 5 киши каза тапканы жана 19ү жараат алганы кабарланды. Мамлекеттик маалымат каражаттары алты кишинин дайыны табылбай жатканын жазышууда.
Жарылуу шейшембиде түш чакта Шаньдун провинциясындагы Гаоми шаарындагы Youdao компаниясынын ишканасында болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо асманга бозала түтүн көтөрүлгөнү көрүнүп турат.
Муну менен бирге заводдун жанындагы өнөр жай зонасын өрт чалганы, жарылуудан имараттардын терезелери, дүкөндөрдүн витриналары күбүлүп түшкөнү кабарланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя болгон жерге 50дөн көп транспорт жана 230дан ашуун куткаруучу жөнөтүлгөнүн билдирди.