Министр Тилек Текебаев жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алган.
Алгач жетекчи көтөрүлгөн көйгөйлөрдү кунт коюп угуп, андан соң тиешелүү жооптор менен түшүндүрмөлөрдү берди. Ал эми айрым маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникциялар министри Тилек Текебаев ар аптанын жума күндөрү саат 15:00дон 17:00го чейин жеке кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алат.


