«Альянс Алтын» компаниясы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Раззак Бейшекеевди 500 000 сомдук сертификат менен сыйлады. Бул жетишкендик Кыргызстан тарыхындагы U23 категориясындагы биринчи алтын медаль болуп, компания жана өлкөнүн спорт коомчулугу үчүн чоң сыймык болду.
Сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү спортчулар Мээрим Жуманазарова, Узур Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу жана Раззактын машыктыруучусу Раатбек МамBETOV да катышты. Спортчулар «Альянс Алтын» компаниясына жаш таланттарды колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип, Талас облусунда спортту мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Компаниянын башкы директору Сабир Рахматов чемпионду куттуктап, аймактын өнүгүүсүнө багытталган социалдык жана спорттук долбоорлордо кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.