Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Музыка ишмерлер союзу менен биргеликте улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталар арасында сынак жарыялады.
Конкурс комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз жасаган усталардын арасында өтмөкчү.
«Сынак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталарды колдоо, аспаптардын сапатын жогорулатуу максатында уюштурулду», — деп билдирди министрлик.
Талап боюнча, усталар жасап бүткөн, колдонууга даяр аспаптарын көрсөтүүсү зарыл. Ал эми Карамолдо менен Алымкулдун комузунун аутенттүүлүгүн (үнү оригиналдын өзүндөй болушун) тапкан («Насыйкат», «Ибарат», «Чоң кербез») аспаптын үнүнө, жасалгасына жаңылык киргизген усталарга артыкчылык берилет.
Конкурска катышууну каалагандар документтерин үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына чейин [email protected] электрондук почтасына жөнөтсө болот. Сурап-билүү номери: 0701336826, 0555336826.