1-класска балдарды орноштурууда көйгөй жаралып, ата-энелерден күн сайын арыз-даттануу келип жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 10-апрелде парламент отурумунда айтты.
Ал бул маселени чечүү үчүн атайын бир күнү өкмөттүк саат өткөрүп, Билим берүү жана илим министрлигинин, Каржы министрлигинин жана башка тиешелүү жетекчилердин катышуусунда элге маалымат берүү зарылдыгын айтты.
«Ата-энелер кайрылып жатышат. Жаңы окуу жылына дагы жарым жыл бар, бирок ызы-чуу эмитен эле башталды. Анткени балдарды 1-класска каттай албай жатышат. Билим берүү министрлиги «электрондук каттоо аркылуу жазылгыла, колубуздан эч нерсе келбейт» дейт. Ата-энелер кире албай жатышат, мектептер толуп калды. Айтор, суроолор өтө көп. Апрель айынын бир күнүн атайын өкмөттүк саатка арнап, тиешелүү министрликтерди чакыралы. Бардык суроолорубузга жооп берсин».
Бекешевдин сунушун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу да кубаттап, билим берүү жана илим министрин, каржы министрин, экономика министрин да чакырып, маалымат алуу зарылчылыгын белгиледи. Парламенттин аппаратына бул тууралуу тапшырма берилди.