Ушул жылдын январь айында Өзгөн шаарынын мыйзамсыз курулуштары буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, президенттин №56 жарлыгын аткаруу максатында Ош облустук мамлекеттик Архитектура курулуш контролдоо башкармалыгынын тарабынан Өзгөн шаарынын мэриясына берилген жазма буйруктарынын негизинде, Өзгөн шаарынын Манас, Гагарин көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштары буздурулууда.