-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. ӨКМ эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык эртең, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу.

Дыйканчылык талааларында үшүп кете турган түшүмдөрдү жылуу жайда кармоону жана үшүк өтүп кеткенден кийин жыйноо сунушталат.

23 Сентябрь 2025 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча