Талас дарыясына чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда суучул каза болду

Талас дарыясына чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулу каза болду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.

Облус башчысы өз билдирүүсүндө жалпы мекендештерге жана Талас облусунун тургундарына кайрылуу жасаган.

«Урматтуу мекендештер жана Талас облусунун тургундары! Сиздерге кайрылам, Талас дарыясына чөгүп кеткен Байел инибиздин сөөгүн издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир суучулун жоготуп алдык. Каза болгон суучулубуздун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Талас облусунда белгиленген бардык иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылды», — деп жазды Эрмат Жумаев.

Эскерте кетсек, 4 күндөн бери Талас суусуна агып кеткен Байел аттуу бала изделип жаткан.

27 Июнь 2026 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча