Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, куткаруучу-суучул, лейтенант Аскар Казыбеков каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында куткаруучу-суучул жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.
Аскар Казыбеков 1994-жылы туулган. Маркумдун артында жубайы жана кызы калды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын эрдиги, кайраттуулугу, өзүн-өзү аябаган эмгеги жана кесиптик милдетине болгон берилгендиги кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат.
Эске салсак, 2026-жылдын 23-июнунда 2011-жылы туулган Т. уулу Б. аттуу бала Талас дарыясына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери активдүү улантылып келген.