26-сентябрга күтүлгөн аба ырайы

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 26-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 24…26° жылуу болот.

25 Сентябрь 2025 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча