27-сентябрга күтүлгөн аба ырайы

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 27-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° жылуу болот.

26 Сентябрь 2025 жыл 17:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча