4-апрелге күтүлгөн аба ырайы

4-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашы ыктымалы аз, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 23…25° болот.

3 Апрель 2026 жыл 16:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча