9-майда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат


Эртең, 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата саат 08:00дөн 11:00гө чейин Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Өлбөс полк» жүрүшүнө байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылат:

-Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, М.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

-Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй, Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, С.Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү ;

-Кең Чүй көчөсү күн чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, С. Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Жогорудагы көчөлөрдөгү жөө жүрүш учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздайт.

8 Май 2023 жыл 21:28

Тема боюнча