
Талас облусуна караштуу Манас районунун ичинде жалпы республикалык тестирлөөдөн “Алтын сертификат” ала турган окуучуларга 250 миң сомдон акчалай сыйлык бериле турган болду.
Ага катар ал окуучунун мектебине дагы 100 миң сомдон каралган. А бирок, эгерде алтын сертификат райондон чыкпай кала турган болсо, 200 баллдан жогору упай алган балдарга 150 миң сомдон акчалай сыйлык жана мектебине 60 миң сомдон берилмекчи. Эгер 200 баллдан дагы ашпай кала турган болсо, 200 баллга чейинки 3 орунга дагы акчалай сыйлыктар берилет.
«Былтыр биз ЖРТнын жыйынтыгы боюнча балдарга атайы сыйлыктарды уюштуруп тапшырганбыз. Быйыл дагы ал ишти уланталы деп турабыз. Манас районубуздан кайсы бир окуучу “Алтын сертификат” ала турган болсо, ар бир “Алтын сертификат” алган баланын колуна 250 миң сом жана ага кошумча мектебине дагы 100 миң сомдон байге каралган. Ал эми бирок, “Алтын сертификат” чыкпай калса, 200 баллдан жогору алган ар бир окуучуга 150 миң сомдон колуна жана 60 миң сомдон мектебине берилет»,-деди «БилЭрМан» уюштуруу тобун жетектеген
Кыргыз Республикасынын эл акыны Аалы Туткучев.
Ал эми бул демилгени колго алып, балдардын билимге умтулуусуна түрткү берген аталган райондун мекенчил уулдары мындай саамалыктарды жыл сайын адатка айландырып, улантууну ниет кылып жатышат.
Эске салсак, буга чейин Талас облусуна караштуу Манас районунда 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөр сыйланган.
Атап айтканда, «БилЭрMAN» коому ЖРТдан эң жогорку упай улган 3 окуучуга 100 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарган. Ошондой эле, «мектеп директорлорун Жана класс жетекчилерин дагы унутта калтырбай, аларга дагы 20 миң сомдон тапшырган эле.