Ала-Арчанын чокусунда жол таппай калышкан. Россиялык 2 альпинист тик учак менен куткарылды (Видео)


Ала-Арча капчыгайынын “Байчечекей” чокусунда калган россиялык 2 альпинист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Тактай кетсек, кечээ, 20-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайында жайгашкан “Байчечекей” чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келаткан Россия Федерациясынын 2 альпинистти караңгыда жол таппай тоодо түнөп калышкан.
Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 6:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкек шаарына саат 7:19да алып келген. Өз убагында ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардамдарын көрсөтүштү.
Альпинисттерди куткарууга ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” кошуунунун 1-издеп куткаруу тобунун командири, лейтенант Эльдар Эсенбеков куткарууга тартылган.

21 Август 2025 жыл 10:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча