
Кечээ Ош облусунун Алай районунда турак үй өрттөнүп, 63 жаштагы аял көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өрт барак тибиндеги 10 бөлмөлүү үйдөн чыккан, ал жакта 6 үй-бүлө (23 киши) жашачу. Өрт 348,2 чарчы метрди аянтты жалмаган.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.
Жабыркагандар бар экени, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардан кабар алганы кошумчаланды.