Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын инспектору Надырбек Жусупов билдирди.
Маалыматка ылайык. 13-июлда болжол менен саат 9:00дө Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде автобус жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан 2017-жылы туулган Н.А. аттуу жаш баланы сүзүп кеткен.
Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.